Орусиядагы жол кырсыгы: Каза болгондордун сөөгүн алып келүү үчүн атайын учак Ульяновск шаарына барат

Орусиянын Ульяновск шаарында катталган жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн жакын арада атайын учак Ульяновск шаарына барат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

"Окуя болгон жерде Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери жүрүшөт. Укук коргоо жана жергиликтүү бийлик органдары менен өз ара аракеттенүү жүргүзүлүүдө. Ошондой эле кызматкерлер жабыркаган Кыргыз Республикасынын 3 жаранына барышты. Алардын абалы оң динамика менен туруктуу оор деп бааланып, керектүү дары-дармектер менен толук камсыз болгон.

Президенттин тапшырмасы боюнча Тышкы иштер министрлиги, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан каза болгондордун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү үчүн атайын учакты уюштуруу иштери жүрүүдө. Соттук-медициналык экспертизалар бүтүп, аты-жөнүн тактоо жол-жобосу жүргүзүлүп, Орусиянын тергөө органдарынан маркумдардын сөөгүн алып чыгууга уруксат алынгандан кийин атайын каттам жакын арада Ульяновск шаарына учат. Элчилик каза болгондордун жакындары менен байланышты", - деп билдиришти Тышкы иштер министрлигинен.

Каза болгон жана жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жакын туугандарына маалымат берүү үчүн ишеним телефондору күнү-түнү иштөөдө: Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги: +7 977 947 55 80, +996 551 312-000 (WhatsApp), Элчиликтин номери: +7 (926) 861 50 98.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан