Мураталы Күреңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору Тентимиш Мураталиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов кол койгон.
Эске салсак, Тентимиш Мураталиев 1986-жылы аталган окуу жайдын директору болуп дайындалган.