Орусиядагы жол кырсык: Азербайжандын премьер-министри кыргыз элине көңүл айтты

Азербайжандын премьер-министри Али Асадов министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго Орусиядагы жол кырсыгынан Кыргыз жарандарынын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен маалымдашты.

"Орусиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынын натыйжасында Кыргыз жарандарынын каза болгондугу жана жаракат алгандыгы тууралуу кабарды кайгыруу менен кабыл алдым.

Кырсыкка байланыштуу сизге, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына, жалпы Кыргызстан элине терең кайгыруу менен көңүл айтам, жаракат алгандардын тез арада сакайып кетишин каалайм", - деп айтылат Али Асадовдун көңүл айтуу телеграммасында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан