Өзбекстандан Ош шаарына 50 автобус сатып алуу боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргыз-Өзбек фонду, Ош шаарынын мэриясы жана "SamAuto" автомобилдик заводунун ортосунда Ош шаарына 50 автобус алып келүү боюнча документтерге кол коюлду.
"Ошондой эле Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы менен "Кыргыз олигарх" ЖЧКсынын ортосунда "Катта-Талдык өндүрүштүк комплексин түзүү" долбоору боюнча мамлекеттик ак ниет өнөктөштүк келишимине кол коюлду", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаардык мэриясы дагы жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн 100 даана автобус сатып алары маалымдалган.