Аруузат Ташматова дүйнөдөгү эң кымбат Золгенсма дарысын алды

Кечээ, 22-августта генетикалык жүлүн булчуңдарынын атрофиясы диагнозу менен жабыркап, дүйнөдөгү эң кымбат дарыга муктаж болгон Аруузат Ташматова көксөгөн дарысын алды. Мындай сүйүнүчтүү кабары менен апасы социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.

"Ооба. Акыры бүттү. Аруузат көптөн күткөн Золгенсма дарысын алды. Дагы деле ишене албай, колдорум титиреп күттүк. Ушул күнгө жеткенибизге Жаратканга миң мертебе шүгүр. Кызыбыздын өмүрүн сактап калганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бизге азыр оюбузду айтуу кыйын, акырындан баарын сөзсүз айтабыз", - деп жазган ал.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан