Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай суусунан 48 жаштагы кишинин сөөгү чыгарылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, Терек-Сай айыл аймагындагы Кызыл-Токой айылындагы Терек-Сай суусунда 1974-жылы туулган М.А. аттуу эркек киши агып бара жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 4 куткаруучу тартылып, тургундун сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматына өткөрүп беришкен.