Бишкек-Жалал-Абад аба каттамы жумасына 9 жолу аткарыла баштады

Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек аба каттамы жумасына 9 жолу аткарыла баштады. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.
Ага ылайык, 19-августтан тарта Бишкек-Жалал-Абад- Бишкек багыты боюнча кошумча туруктуу каттамдар ачылды.
"Кошумча аба каттамдарды ата мекендик "Тез Жет" авиакомпаниясы жума жана жекшемби күндөрү аткара баштады" деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, Жалал-Абад шаарына аба каттамдары жумасына жети жолу аткарылып келген. Мындан ары жумасына 9 жолу каттам жүргүзүлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан