Саламаттык сактоо министрлигине жаңы жетекчи дайындалды

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп Гүлнара Баатырова дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Гүлнара Баатырованын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Буга чейин аталган кызматты Жаркынбек Касымбеков аркалап келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан