Облустук телерадиокомпаниялары УТРКнын карамагына өттү

Облустук телерадиокомпаниялары УТРКнын карамагына өттү. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгондугу Юстиция министрлигинин сайтында жарыяланды.

Маалыматка караганда, Коомдук телерадиоберүү корпорациясы менен "Республикалык радиотелеборбор" мамлекеттик ишканасын бириктирип, бардык укуктарын жана милдеттерин УТРКга өткөрүү менен аларды кайра уюштуруу тапшырмасы берилген.

"Облустук телеканалдар жана А.Жумакматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестрине бекитилип берилген чоң концерттик студия Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин түзүмүнөн чыгарылат.

Ошондой эле УТРКнын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу, УТРКны техникалык модернизациялоо үчүн кошумча каражат бөлүнүп берилет", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан