Орусиядагы жол кырсыгы: Ооруканага жаткырылган 3 Кыргыз жаранынын абалы айтылды

Орусиянын Ульяновск облусунда катталган жол кырсыгынын кесепетинен ооруканага жаткырылган Кыргыз жарандарын Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат жана аталган облустун губернатору Алексей Русских зыярат кылышты. Бул тууралуу Алексей Русских Телеграм каналына жазды.

"Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат менен бирге ири кырсыктан аман калган үч жаранга бардык.

Биздин облустук травматология борборунун дарыгерлерине жакшы координацияланган иши жана жогорку кесипкөйлүгү үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдиргим келет. Азыр кыргызстандык бейтаптардын абалы туруктуу.

Ульяновск облусуна келген бейтаптардын жакындарына да ар тараптуу жардам көрсөтүлөт. Бул үй-бүлөлөр үчүн кандай коркунучтуу абал экенин түшүнөбүз. Жабыркагандар толук айыкмайынча сөзсүз жардам беребиз. Биз Кыргызстандын Орусиядагы элчиси менен бардык жаралган маселелерди чечүү үчүн байланышта болобуз деп макулдаштык", - деп жазган Русских.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан