Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденциясында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин тар форматтагы алгачкы жыйыны башталды. Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кеңешмени ачты.
Жыйындын күн тартибинде интеграциялык бирикме үчүн жалпы газ рыногун түзүү, өнөр жай кооперациясын каржылоо, алкоголдук рынокту жөнгө салуу, Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү маселелери каралат.
Белгилей кетсек, бүгүн, 25-август күнү өлкөгө беш мамлекеттин премьер-министрлери келген.