Баарыбыз эле уктаганды жакшы көрөбүз. Уктагандын эң кызыгы түш көрүү болсо керек. Айрымдары күн сайын сериал көргөн сыяктуу ар түркүн түштөрдү көрсө, айрымдары эч эле түш көрбөйт же көргөн түшүн унутуп калат. Супер фактылар рубрикасында бул жолу түш тууралуу кызыктуу фактыларды айтып беребиз.
1. 99,9 пайыз адам түш көрүп жатканда уктап жаткандыгын аңдай албайт;
2. Бардык адамдар түш көрөт. Бирок баары эле түшүн эстеп кала албайт. Ал эми өтө олуттуу психикалык оору менен жабыркаган адамдар түш көрө алышпайт дешет дарыгерлер;
3. Көзү азиз адамдар түш көрөбү деген суроо сизге да кызыкпы? Көрүүсү убакыттын өтүшү менен начарлап кеткен адамдар түшүндө сүрөттөрдү гана көрүшөт. Ал эми тубаса көзү көрбөгөн адамдар түшүндө окуяны эмоция аркылуу сезишет;
4. Ойгонгондон кийин 5 мүнөттүн ичинде көргөн түштүн жарымын унутабыз, ал эми 10 мүнөттөн кийин 90 пайызын унутабыз;
5. Окумуштуулардын айтымында, адамдардын 12 пайызы түштү ак-кара көрөт, ал эми калганы түстүү өңдө көрүшөт;
6. Таң калычтуусу, эркектер түшүндө көбүнчө эркектерди көрүшөт, ал эми айымдар эркектерди да, аялдарды да бирдей көрүшөт;
7. Болжол менен 18-38 пайыз адам аян берген түш көрүшөт;
8. Бир түндө экиден жетиге чейин түш көрөбүз, алардын ар бири 2 саатка созулушу мүмкүн. Түштүн эң узагы эртең менен болот;
9. Окумуштуулардын айтымында, жаныбарлар дагы адамдар сыяктуу эле түш көрүүгө жөндөмдүү;
10. Коңурук тартып жаткан адам түш көрбөйт;
11. Түшүңүздө буга чейин көрбөгөн, тааныш эмес адамды көргөн учур болду беле? Чындыгында ал адамды сиз жашооңузда көргөнсүз, болгону эсиңизден чыгып кеткен. Себеби мээ буга чейин сиз көрбөгөн адамды өзү ойлоп таппайт;
12. Тамеки тартканды таштаган адамдын түшү тамеки чеккен же такыр эле чылым чекпеген адамга караганда жарык, кооз болот;
13. Кичинекей балдар түшүндө өзүн көрө алышпайт. Ал эми 3 жаштан 8 жашка чейинки балдар чоң адамдарга караганда коркунучтуу түштөрдү көп көрүшөт;
14. Орто эсеп менен алганда бир адам өмүрүнүн 6 жылын уйку менен өткөрөт.