Наристенин төрөлүшү ата-энелер үчүн ар дайым чоң кубаныч тартуулайт. Жадакалса ымыркайларга кам көрүүдө көптөгөн кыйынчылыктарга дагы дуушар болушат. Наристе жарык дүйнөгө келиши менен ата-энеси баласынын жанында уйкусуз түндөрдү дагы өткөрүшөт. Мунун баары ата-эненин балага болгон мээрими, сүйүүсү.
Супер фактылар рубрикасында бөбөктөр тууралуу кызыктуу фактыларды топтодук:
- Дүйнөдө 3 секундда бир ымыркай жарык дүйнөгө келет.
- Ымыркайлар төрөлөөрү менен энесинин жытын билүүгө жөндөмдүү. Бир канча убакыт өткөн соң, визуалдык түрдө тааный башташат.
- Ымыркайлардын алгачкы бир нече жумада көзүнөн жаш бөлүнүп чыкпайт.
- Наристелердин чачтары эненин карынында жаткан кезден баштап өсө баштайт.
- Ымыркайдын алгачкы беш айында салмагы эки эсеге көбөйөт.
- Карындагы баланын тилинде гана эмес, таңдайында да даам сезүү сезимдери бар.
- Бөбөктөр кээде көзүн ачып уктап калышат.
- Статистикалык маалыматтарга ылайык, бөбөктөр 3-4 жашында күнүнө 12 000 сөз айтышат жана 900гө жакын суроо беришет.
- Жаңы төрөлгөн бала кызыл, жашыл түстөрдү көрөт, бирок көк түстү дароо көрө алышпайт.