Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев 26-августта Нукус шаарында өткөн жыйында Каракалпакстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Мурат Камаловду кызматынан бошотту. Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз катчысы маалымдады.
Маалыматка ылайык, Шавкат Мирзийоев Каракалпакстанга канчалаган эбегейсиз каражат бөлүнгөнүнө карабай, көйгөйлөр чечилбей жатканын жүйө келтирген.
“Тилекке каршы, айрым жетекчилер элибиздин бакубаттуулугун камсыздоого багытталган каражаттарды натыйжасыз сарптап, түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланбай, өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн күрөшпөй жатышат” ,- деп билдирген Мирзийоев.
Жыйында Жогорку Кеңештин төрагалыгына сунушталган Аманбай Орынбаевдин талапкерлиги колдоого алынды.