Коргоо министри жол кырсыгына кабылган курсанттардан кабар алды

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов жол кырсыгында жаракат алган аскер кызматкерлеринен кабар алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Ага ылайык, аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, кызматтык териштирүү жүргүзүлүүдө.

"Аскердик ант берүү аземи Ата Мекенди коргоочулардын аскердик ритуалдарына өзгөчө маани берүү максатында курсанттардын туугандарын жана жакындарын чакыруу менен жогорку деңгээлде өткөн.

Ошондой эле Коргоо ведомствосу медициналык текшерүүлөрдү жана операцияларды жүргүзүүгө зарыл дары-дармектер менен камсыз кылууга көмөк көрсөтөт. Жабыр тарткандар тезирээк калыбына келүү үчүн кошумча күчөтүлгөн тамак берилет. Ооруканага жаткырылган аскер кызматчылары аскер дарыгерлеринин туруктуу көзөмөлүндө болууда. Учурда жабыркагандардын абалы канааттандырарлык.

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов, министрдин орун басарлары, ошондой эле Куралду күчтөрүнүн Аскер институтунун башчысы жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматчыларына барып, алардын туугандары жана жакындары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, кечээ, 27-августта "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине жакын жерде аскердик унаа жол кырсыгына кабылган. Алгачкы жардам көрсөтүлгөн соң 9 адам Бишкектеги жана Чүйдөгү ооруканаларга жеткирилген. Калгандары Аскер госпиталында дарыланып жатканы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан