Ысык-Көл облусунда айдоочу 57 жаштагы жөө адамды сүзүп кетти. Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу жеринде каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 26-август күнү саат 13:00 чамасында болгон. Анда Бишкек шаарынын 1982-жылы туулган А.Ш. аттуу тургуну өзүнө тиешелүү Тойота Камри унаасын “Балыкчы-Ананьево-Каракол” унаа жолунан чыгыштан батышты көздөй башкарып бара жатып, Чок-Тал айылынын ичинен жөө жүргүнчү, Бишкек шаарынын 1965-жылы туулган тургуну С.Б.ны сүзүп алган.
Жабырлануучу алган жаракаттарынан улам жеринде каза болгон.