Сот корпусу Орусиянын Ульяновск облусунда жол кырсыгынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн 30-августта Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы соттордун төрагалары жана судьялар Орусиянын Уляновск облусундагы кырсыктан каза болгон мекендештердин үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам тапшырып, көңүл айтып келишти.
Жол кырсыгынан каза болгон үй-бүлөлөрдүн арасында томолой жана жарым-жартылай жетим калган балдарга жардам көрсөтүү чечими кабыл алынып, сегиз үй-бүлө аныкталган. Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун демилгеси менен сот корпусу 454 миң сом чогулткан.
Эске салсак, 21-август күнү Ульяновск облусунда жол кырсыгы катталып, 16 адам каза болгон. Алардын ичинен 14ү Кыргыз жараны. Мындан тышкары дагы 3 Кыргыз жараны - эки эркек, бир аял киши ооруканага түшкөн. Кырсыктан каза тапкандардын жакындарына жана жараат алгандарга президенттин фондунан 300 миң сомдон кенемте берилген.