Владимир Путин Орусиянын Украинага жасаган атайын аскердик операциясынын максатын айтты. Бул тууралуу орус президенти Калининграддагы мектеп окуучулары үчүн ачык сабак учурунда айткандыгын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
“Биздин аскерлердин милдети Донбасстын тургундарын жана Орусиянын өзүн коргоо. Украинанын аймагында түзүлүп жаткан жана Орусияга коркунуч туудурган "антиорусиялык анклавды" жок кылуу. Алар Орусияны коргоп жатышат”, - деп билдирген ал.