Орусиянын Ульяновск облусунда катталган жол кырсыгынан соң ооруканага жаткырылган үч бейтаптын бири ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, Б.уулу С. кечээ, 5-сентябрда ооруканадан чыккан. Ал эми эки Кыргыз жараны, А.А., А.уулу.Т. дарылануусун улантышууда.
Маалымат үчүн: 21-август күнү Ульяновск облусунда жол кырсыгы катталып, 16 адам каза болду. Алардын ичинен 14ү Кыргыз жараны. Мындан тышкары дагы 3 Кыргыз жараны - эки эркек, бир аял киши ооруканага түшкөн.
Өлкө башчы Садыр Жапаров ТИМге, ӨКМга, “Манас” эл аралык аэропортуна каргашалуу жол кырсыгында каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине жөнөтүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырган. 23-август Кыргызстанда жалпы аза күтүү күнү деп жарыяланган. Жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгү Ошко алып келинген. Алардын жакындарына президенттин фондунан 300 миң сомдон кенемте берилет.