"Бишкек жылуулук" коммуналдык ишканасынын имаратынын дубалына улуу манасчы Саякбай Каралаевдин сүрөтү түшүрүлдү. Эмгек сүрөтчү Таштанбек Ибраимовго таандык, ага манасчынын небереси Алмаз Тиленов колдоо көрсөткөн.
Сүрөтчү белгилегендей, сүрөт 2 ай убакытта тартылган.
Бүгүн, 7-сентябрда борбордогу “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын №5 муниципиалдык мончосу реконструкциялоодон кийин пайдаланууга берилип, анын ачылыш аземи болууда. Ага бир катар экс-депутаттар жана мончо сүйүүчүлөрү келишкен.
Иш-чаранын жүрүшүндө Түркиянын “Мимсан” заводунан сатылып алынган 32 даана отказандар көрсөтүлдү.