Ханыша Елизавета II каза болгондон кийин Британияда улуттук аза күтүү күнү башталды

Ханыша Елизавета II каза болгондон кийин Британияда улуттук аза күтүү башталды. Ал 10 күнгө созулары күтүлүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып жатат. Маалыматка ылайык, бул убакыт аралыгында парламентте жыйындар
өткөрүлбөйт.

Ханышанын сөөгү салынган табыт Букингем сарайына жеткирилет. Ал эми үчүнчү күнү падыша Шотландиядан баштап коштошуу зыйнатын баштап, андан соң Түндүк Ирландияга барат.

Британ ханышасы менен коштошуу аземи каза болгонуна 6 күн толгондон кийин башталат. Коомчулук ханыша менен Вестминстер сарайында 3 күн бою коштошот. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Лондон жана Виндзордо уюштурулат.

Елизавета II'нин сөөгү Виндзор сепилинин аймагында, падыша Георгий VI'нын мемориалдык чиркөөсүнө коюлат.

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II каза болгону 8-сентябрдын кечинде белгилүү болду. Ал 96 жашында дүйнөдөн кайтты.

Ага чейин анын саламаттыгы начарлап кеткени кабарланган. Ханыша дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон.

Анын ордуна ханышанын 73 жаштагы уулу келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан