Улуу Британия ханышасы Елизавета II'нин ден соолугу кескин начарлап, дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Бул кабар коомчулукка маалым болору менен Шотландиядагы ханыша жашаган Балморал хан сарайынын алдына ондогон адамдар чогулду. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Андагы маалыматка караганда, буга чейин дарыгерлер ханышанын ден соолугунан кабатыр болуп жатканы айтылган. Мындан улам ханыша Елизавета II'нин 4 баласы Балморал сарайына келген. Ошондой эле маалымат булактарында ханзаада Гарри менен жубайы Меган Маркл да аталган сарайга барары кабарланды.
Учурда ханыша дарыгерлердин көзөмөлүндө.