Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 14-сентябрда Нур-Султан шаарына барат. Мындай маалымат Казакстандын президентинин расмий сайтына жарыяланды.
"14-сентябрда президент Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Казакстандын борборуна мамлекеттик сапар менен келет", - деп жазылат маалыматта.
Бул Кытай лидеринин эки жылдан ашык убакыттан бери биринчи жолу чет өлкөгө болгон сапары болмокчу. Буга чейин ал коронавирус пандемиясынан улам өз өлкөсүнүн чек арасынан чыккан эмес.