Армениянын Азербайжан менен чек арасындагы аткылоодон үч жай тургун жаракат алды. Бул тууралуу Армениянын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргенин РИА Новости жазды.
"Азербайжандын Куралдуу күчтөрүнүн Аремениянын калктуу пункттарын артиллериялык аткылоосунун натыйжасында үч жай тургун жараат алды", — деп айтылат агенттиктин социалдык тармактардагы баракчасында.
Белгиленгендей, жаракат алгандардын биринин абалы оор, калган экөөнүн абалы канааттандырарлык.
Шейшембиге караган түнү Армения-Азербайжан чек арасында согуштук аракеттер болуп, тараптар бири-бирин кырдаалдын курчушуна алып келди деп айыпташууда. Ереван Азербайжан армиясы Армениянын аймагын артиллерия жана пилотсуз учактар менен аткылаганын билдирди.
Өз кезегинде Баку армян аскерлери азербайжан аскерлерине ок атып, кагылышуу болгонун билдирди. Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Арменияны тынчтык жараянын үзгүлтүккө учуратууну көздөп жатат деп айыптады.
Эки тарап тең өз аскерлеринин арасында жоготуулар болгонун кабарлашты.
Ал эми бүгүн эртең менен тараптар ок атышууну токтотуу боюнча макулдашканы кабарланды.