Ханыша Елизавета II'ни акыркы сапарга узатуу зыйнатына Кыргызстандын атынан ким барары белгилүү болду

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II`ни акыркы сапарга узатуу аземине катышат. Маалыматты президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев тастыктады.

Маалыматка ылайык, Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II'нин тажыясы 19-сентябрда Лондон шаарында болот. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Вестминстер аббаттыгында (католик чиркөөсүндө) өтөт. Тажыя Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө башталат.

Белгилей кетсек, 8-сентябрда Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II 96 жашында дүйнөдөн кайткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан