Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II'нин табытын кайтарып турган кароолчу эс-учун жоготуп кулады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматта айтылгандай, кароолчулардын бири эс-учун жоготуп кулаган, ага полиция кызматы дароо жардам көрсөткөн. Бул арада түз эфир убактылуу үзгүлтүккө учураган.
Ханышанын табыты Вестминстер сарайында падышалык кароолчулардын кайтаруусунда турат. Кароолчулар күнү-түнү нөөмөт менен кайтарышууда.
Эскерте кетсек, Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II 8-сентябрда 96 жашында каза болгон. Анын сөөгү 13-сентябрда Лондонго алып келинди. Ханышаны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 19-сентябрда өтөт.