Орусияда учкуч учак абага көтөрүлгөндөн кийин каза болду

Орусиянын Новокузнецк шаарынан Санкт-Петербург шаарына учуп бара жаткан учактын командири өзүн жаман сезгендиктен улам учак Омск шаарына авариялык конууга мажбур болду. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, учуу учурунда учактын командири өзүн жаман сезген. Учакты Омск шаарына кондурууну чечишип, экинчи учкуч башкарууну колго алып, лайнерди кондурган. Аларды аэропортто "Тез жардам" кызматы күтүп турган.

"Тез жардам" кызматы дароо учакка барып, тилекке каршы учкуч учакта эле каза болгондугун билдиришкен.

Запастагы учкуч келгенге чейин учак аэропортто бир нече саат кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан