Бүгүн, 26-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча протоколго кол коюшту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
"Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен кеңешмесинин протоколуна кол коюлду, бул кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө жаңы келишимдин долбоорун макулдашуу процедурасын баштоого мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.