Кабулда Ирандагы аялдарды коргоо иретинде чыккан митингчилерди талибдер ок чыгаруу менен таратышты

Ооганстандын борбору Кабул шаарында Иранда өткөн нааразычылык акцияларын колдоо иретинде митингге чыккан кыз-келиндерди "Талибан" кыймылы асманга ок чыгаруу менен таратты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматта айтылгандай, болжол менен 25ке жакын кыз-келин Иран өлкөсүнүн Кабулдагы элчилигинин алдына "Иран көтөрүлдү, эми бизге кезек келди", "Кабулдан Иранга чейин диктатурага жок дейбиз" деген плакаттарды көтөрүп чыгышкан. Бирок талибдер митингчилерди таркатуу үчүн асманга ок чыгарып, кыз-келиндерди кууп жиберген.

Эскерте кетсек, Иранда 22 жаштагы кыз хиджабды туура эмес кийгени үчүн полиция тарабынан кармалып, кийин комага түшүп каза болгон. Бул окуядан кийин ирандыктар массалык түрдө нааразычылык акцияларына чыгып, жоолуктарын өрттөп башташкан. Бул нааразычылык акциялары өлкөнүн көптөгөн шаарларында өтүп, баш аламандыктар орун алган. Ошондой эле адам курмандыктары да катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан