Бүгүн, 30-сентябрда билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев баш коргоо чарасын тандоо үчүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна алынып келинди.
Сотто Бейшеналиев журналисттердин суроосуна кыска гана күнөөлүү эместигин айтты.
"Баары жакшы болот. Эч кандай күнөөлүү эмесмин. Инвесторлор арыз жазыптыр. Бул инвестицияга жумшалган каражат болчу", - деди Бейшеналиев.
Бейшеналиевдин тарапташтары соттун алдында "Акталсын" деп кыйкырышууда.