Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев эки айга камалды

Бүгүн, 30-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин баш коргоо чарасы каралды.

Сот Алмазбек Бейшеналиевди эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады. Министр УКМКнын тергөө абагында болот.

Бейшеналиев 28-сентябрда кармалып, 48 саатка камакка алынган.

Ички иштер министрлиги Бейшеналиев чет өлкөлүк студенттерди жергиликтүү жогорку окуу жайларына киргизүү үчүн 110 миң доллар пара алуу фактысына байланыштуу кармалганын айтып, видеосун жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
erlan_87
2022-09-30 23:26:00
Акча - любой адамдын оюн өзгөртөт. Мен укмуш ыймандуумун, ыйыкмын, адептүүмүн, акча эч нерсе чечпейт - деп кыйкырган адамды да акча бир мүнөт ичинде өзгөртөт.
0
adilbars
2022-10-01 12:41:00
Адептүүлүк сырткы көрүнүшү, кеп жок анысына, бирок баамдашымча ыйманы жок экен, анысын долларларга кошо мойсоптур, паракор, жегич министр, жаш туруп, азыркы кан соргуч бийликтин чыныгы жүзү ушул. Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр болду. Ректор тандоо конкурсуна да жең ичинен аукцион жарыялап, 50 миң доллардан башталганын айтып, наалып эле жүрүшкөн эле өзү. Уурунун арты кууш дегени ушул да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан