"Пенсиямды контрактка төлөйм". Ошто окууга тапшырган 85 жаштагы аксакал менен маек

Оштун 85 жаштагы тургуну Мамат Кулматов учурда Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде 1-курста окуйт.

Фармацевтика жаатында билим алып жаткан аксакал бул жаатты жөн жерден тандап алган эмес. Каарманыбыз табыпчылык менен алектенгендиктен чөптөрдүн дарылык касиетин жакшыраак билүү максатында ушул адистикти тандаган. Мындан сырткары өзү алектенген кесипти мындан да жакшы өздөштүрүүнү каалайт.

SUPER.KG порталы Мамат аксакал менен байланышканда окуу жайга камданып жатканын, окуудан бир аз кыйналганын айтты.

“Университетке тапшырып, билим алам дегенимде байбичем, балдарым башында каршы болушту. Карып калганымды айтып, кыйналып каласың дешти. Бирок билим алууга эч качан кеч болбойт. Мен жаш кезимдеги кыялымды орундаткым келди. Медицина жаатында билим алып, элдин ден соолугуна кам көрүү негизги максаттарымдын бири болчу. Окуу жайга күн сайын барам. Жөнү жок сабактан калбайм. Окууда бир аз кыйынчылык болуп жатат. Анткени чын эле карыптырмын. Бирок аягына чейин чыгып, колума диплом алып, өз жаатымда иштеп, элдин саламаттыгына кам көрсөм дейм”, - дейт Мамат аксакал.

Мамат Кулматов буга чейин 76 жашында Аравандагы медициналык колледжге тапшырып, 79 жашында аны аяктаган. Жаш мезгилинде болсо, айыл чарба техникумунда окуп, агроном адистигине ээ болгон. Учурда контракттык негизде билим алып жатат. Ал жылына 45 миң сом контракт төлөйт.

“Ай сайын пенсиямдын эсебинен контракты бөлүп төлөйм, андан башка арга жок”, - дейт Кулматов.

Мамат Кулматов Оштун Араван районуна караштуу Октябрь айылынын жашоочусу. 1 уул, 4 кыздын атасы. 20дан ашуун небереси бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан