Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кол койгон жарлыктын негизинде Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Жаманкулов Азамат Капарович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду", - деп айтылат маалыматта.
Жаманкулов бул кызматка былтыркы жылдын октябрь айында дайындалган. Мындан сырткары Сооронбай Жээнбековдун убагында да аталган министрликти жетектеген.