Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан маалымдашты.
Маалыматта айтылгандай, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Белгилей кетсек, Осоев аталган кызматка 2021-жылы август айында дайындалган.