Индонезия өкмөтү полицияны футболдук беттештен кийин орун алган тополоңдо 127 адам каза болгон трагедияга күнөөлүүлөрдү табууга чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматта айтылгандай, дем алыш күндөрү Индонезиянын Маланг шаарында өткөн футбол оюнунда 127 адамдын, анын ичинде балдардын өлүмүнө алып келген окуяны жарым-жартылай көз карандысыз топ иликтейт.
"Иликтөө тобуна өкмөт өкүлдөрү, футбол ассоциациясынын өкүлдөрү, эксперттер, окумуштуулар жана журналисттер кирет. Биз аларга кылмыш жасагандардын бетин ачып, аларга чара көрүүнү сурандык, ошондой эле улуттук полиция алардын коопсуздук процедураларына баа берет деп ишенебиз. Топ өз ишин эки-үч жумада бүтүрөт деп күтүлүүдө", - деген коопсуздук министри Мохаммад Махфуд.
Ошондой эле, полиция кызматы трагедияга күнөөлүү деп эсептелген адамдарды табуу үчүн өзүнчө иликтөө жүргүзөт. Кырсыктан кийин президент Жоко Видодо Жогорку Лиганын бардык оюндарын токтотту.
Мындан тышкары Коопсуздук күчтөрүнө, стадион жетекчилерине айыптар коюлду. Эл көп чогулган жерлерде көздөн жаш агызуучу газдын колдонулушу, ошондой эле ашыкча сатылган билеттер стадиондун толуп кетишине алып келгени боюнча суроолор көтөрүлүүдө.