Бүгүн, 5-октябрда “Манас-2” аэропортунда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, манасчы Рысбай Исаковду тосуп алуу аземи өттү.
Манасчыны маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов баштаган өкүлдөр тосуп алды.
Рысбай Исаков Түркиянын Бурса шаарында өткөн “Манас жумалыгынын” алкагында айтуучулук багыты боюнча "Дүйнөлүк гиннесстер китебине" 124 саат убакытка манас айтуу боюнча
катталган болчу.
"Дүйнөлүк гиннесстер китебине" катталгандыгы тууралуу расмий маалыматты Бүткүл дүйнөлүк "Гиннесстер китебинин" Түркия жана Борбор Азия мамлекеттери боюнча өкүлү тастыктап, ага Гиннесстин күбөлүгүн тапшырган.