Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ал 1916-жылкы каргашалуу окуялардын натыйжасында каза болгондордун эстелигине жана сталиндик репрессиянын курмандыктарынын эстелигине гүлчамбар койду. Мындан сырткары кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине таазим этип, бейитине гүл койду.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы Экономикалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагасы Бакыт Төрөбаев катышты.
Азербайжандын президенти мамлекеттик сапары менен бүгүн, 11-октябрь күнү келди. Аны "Манас" аэропортунан мамлекет башчы Садыр Жапаров тосуп алды.
Мамлекеттик сапардын алкагындагы иш-чаралар УТРК, республикалык жана облустук каналдардын, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчалардын түз эфиринде чагылдырылууда.