Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Бишкекке келди. Аны Садыр Жапаров тосуп алды (фото)

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев бүгүн, 11-октябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан мамлекет башчысы Садыр Жапаров тосуп алды.
"Аэропорттун флагштокторуна Кыргызстан жана Азербайжандын мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, аны бойлото ардак кароол тизилди. Мындан сырткары концерттик программа тартууланды", - дейт президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.
Мамлекеттик сапардын алкагында Кыргызстан менен Азербайжандын лидерлери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынына катышышат.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар биргелешкен документтер кабыл алынып, Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү жасашат.
Мындан тышкары сапардын алкагында “Кыргызстан-Азербайжан достугу” сейил багынын, ошондой эле Гейдар Алиев жана Низами Гянджеви атындагы жалпы билим берүү мектептеринин ачылышы болот.

Ал эми мамлекеттик сапардын алкагындагы иш-чаралар УТРК, республикалык жана облустук каналдардын, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчалардын түз эфиринде чагылдырылат.

Түз эфир саат 15:40та эки лидердин расмий жолугушуу аземи менен башталат.

Ушул жылдын апрель айында мамлекет башчысы Садыр Жапаров Азербайжанга расмий сапары менен барган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан