Венесуэлада селдин кесепетинен каза болгондордун саны 43кө жетти (фото)

Венесуэланын Арагуа штатында селден каза болгондордун саны 43кө жетти. Бул тууралуу өлкөнүн вице-президенти Делси Родригес VTV каналынын эфиринде билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Буга чейин Венесуэланын президенти Николас Мадуро 39 киши каза болгонун билдирген.

"Табылган курмандыктардын саны 43 адамга жетти, издөө жана куткаруу иштери улантылып жатат", - деди Родригес

Венесуэланын түндүгүндө нөшөрлөп жааган жамгыр Кариб деңизи аркылуу өткөн "Джулия" бороонунан улам келип чыккан. Жекшембиде тоолордон келген суу жана топурак агымдары Арагуанын Лас-Техериас аймагына кирип, кээ бир үйлөрдү суу каптап, пайдалануудан чыгарган.

Кырсык болгон аймакка миңден ашуун куткаруучулар жана жоокерлер, тамак-аш жөнөтүлдү.

Өлкө президенти Николас Мадуро суу ташкынынан жабыркаган жарандарга жана бизнесин жоготкон ишкерлерге акчалай жардам бөлүүнү буйруду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан