Киевде Пушкиндин эстелиги талкаланды

Украинанын борбору Киевде орус акыны Александр Пушкиндин эстелиги талкаланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Талкаланган эстелик борбор калаадагы Улуттук транспорт университетинин имаратынын алдында орун алган болчу.

Маалымдалгандай, акындын эстелигинин ордуна Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн лейтенанты Денис Антиповдун эстелиги орнотулат. Ал 2022-жылдын май айында каза болгон.

Белгилей кетсек, Киев шаарында Пушкинге арналган 8 эстелик жана бюст бар.

Ал эми Киев шаардык кеңешинин депутаттары май айында Орусия жана СССРдин маданиятына жана тарыхына тиешелүү мемориалдык объектилерди жок кылуу боюнча чечим кабыл алган. Алардын арасында Мариинск паркындагы Советтик Армиянын генералы Николай Ватутиндин эстелиги, орус акыны Александр Пушкиндин эстеликтери бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан