Өлкөдө мугалимдер сентябрь айында апрелге салыштырмалуу аз маяна алып жатат деген маалымат боюнча Билим берүү жана илим министрлиги маалымат жыйында комментарий берди.
Министрликтин бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгынын башкы адиси Азизбек Мураталиевдин айтымында, апрель айында мугалимдердин сабак жүктөмдөрү азыркыга салыштырмалуу көп болгон.
"Мугалимдердин айлыгы 1-апрелден баштап 80 пайызга көбөйтүлгөн. Токтомго ылайык, максималдуу жүктөм жогорку класстарда (5-11-класска чейин) 27 саат, кенже класстарда (1-4-класска чейин) 24 саат болду.
Азыркы учурда сентябрь айында маяна азайып кетти деп ызы-чуу чыгып жатпайбы. Ага биз кошулбайбыз. Анткени апрелге чейин сабак жүктөмдөр былтыркы жыл менен бекитилген. Ошого жараша ал апрель, май айына чейин төлөнгөн. Жаңы система менен эсептегенде 2-3 миң сомго көп маяна алышчу. Окуу жылы бүтө электе сабак жүктөмдөрүн өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. Анткени бул чоң жумуш. Ошого ылайык, жүктөмдөр калтырылган.
Мисалы, анда 30 саат (анын 20 сааты окуу, калган 5 сааты класс жетекчилик жана дептерди текшерүүгө 5 саат) менен төлөнүп жатты. 1-сентябрдан тарта максималдуу жүктөм 24 (кенже класс) же 27 (жогорку класс) саат берилсе, анын ичинде жогоруда айтылгандар баары каралган.
Алсак, орус тили мугалими апрель айына чейин 14 миң сом алса, азыркы учурда 26 миң сом алат", - деп билдирди ал.
Белгилей өтсөк, буга чейин мугалимдердин айлык акысынын азайып кеткени социалдык тармактын колдонуучулары арасында да талкууну жараткан. Ошол эле маалда айрым мугалимдер сентябрда салыштырмалуу аз маяна алганын айтып, анын себебине кызыккан.
Бүгүн, 18-октябрда Билим берүү жана илим министрлиги бир жылдык, атап айтканда 2021-жылдын октябрь айынан 2022-жылдын октябрына чейинки аткарылган иштери боюнча маалымат жыйын өткөрдү.