"Ушул айда айлык маянабыз азайып кетти" дейт атын атагысы келбеген мугалим. Ал Ош шаарындагы мектептердин биринде эмгектенет.
"Маяна көтөрүлгөн биринчи айда бир эле предметтен сабак бергеним үчүн 20 миң сом айлык алчумун. Андан кийин айлык акы дагы кошулсун деп кошумча сабак алдым. Мындан сырткары класс жетекчи да болуп баштадым. Ошонун баары биригип 19 миң сомдун тегерегиндеги айлык алып жатам", - дейт жаш мугалим.
Ноокат районундагы мектептердин биринде окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген мугалим айлык көтөрүлгөндө 31 миң сомдун тегерегенде айлык алганын айтат.
"Акыркы айда 20-25 миң сомдун тегерегиндеги акчаны алдым. Ушундай эле акыны айлык көтөрүлгөнгө чейинки убакта алып жүргөм. Бирок эмне себептен айлык акы азайып кеткенин толук түшүндүрүп берген эч ким жок. Бүдөмүк суроолор көп. Эмне үчүн мындай болуп жатат, түшүнүксүз...", - дейт эл агартуучу.
Мугалимдердин айлык акысынын азайып кеткени социалдык тармактын колдонуучулары арасында да талкууну жаратууда.
Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен апрель айынан баштап билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана социалдык коргоо тармактарында иштеген кызматкерлердин айлыгы 50-100 пайызга чейин көтөрүлгөнү айтылган.
Өлкө боюнча 309 миңдей кызматкер үчүн бюджеттен тогуз айга 26 миллиард сом бөлүнгөнү кабарланган.