Америкалык миллиардер жана инвестор Билл Экман өзүнүн твиттердеги баракчасына Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу планын жарыялап, Киевден Орусияга жеңилдик берүүнү талап кылды.
"1954-жылга чейин Крым Орусиянын бир бөлүгү болгон жана ал жерде негизинен этникалык орустар жашашат. Бул 2014-жылы Орусия жарым аралды аннексиялап жатканда дүйнө коомчулугу эмне үчүн үн катпаганын ачык эле түшүндүрөт", - деп жазган ал.
Экман ошондой эле Украинанын НАТОго мүчө болушуна каршы экенин дагы билдирген.
Октябрдын башында Tesla компаниясынын жетекчиси жана SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск Орусия менен кеңири масштабдагы согушта Украина жеңип чыгышынан күмөн санай турганын жазып, тараптарды тынчтыкка чакырган. Ал ошондой эле Крымды Орусиянын формалдуу бөлүгү катары сактап калуу керек экендигин айткан.