Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүндөгү катардагы курамынын бош кызмат орундарын ээлөөгө сынак жарыялайт.
Сынакка “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген кызматка кабыл алуунун жана кызмат өтөөнүн шарттарына жана квалификациялык талаптарына жооп берген 19 жашка толгон жана 30 жашка чейинки курактагы Кыргыз жарандары катыша алат.
Тиешелүү документтер 2022-жылдын 10-ноябрына чейин кабыл алынат. Конкурска катышуу үчүн талапкерлер тийиштүү документтердин тизмегин алуу үчүн жана суроолор боюнча Жалал-Абад ОИИБинин Кадрлар бөлүмүнө кайрылса болот. Байланыш телефондору: (03722) 7-02-81