Кыргызстанда жети миллионунчу жаран төрөлдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Буга чейин 12-октябрда бир жуманын ичинде жети миллионунчу жарандын төрөлүшүн күтүп жатышканын билдирген.
Азыркы учурда кайсы облуста төрөлгөнүн, жынысын түштөн кийин жарыя кыларын билдирди.
Белгилей кетсек, өлкөнүн алты миллионунчу жараны Айлин Кожошева 2015-жылдын 25-ноябрында Ош шаарында, беш миллионунчу жараны Тынчтыкбек Курамаев 2002-жылдын 27-августунда, төрт миллионунчу жараны Каныкей Кайыпова 1985-жылдын 27-майында Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн.