Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук башкармалыгынын башчысы М.Жолдошбеков Владимир облусунун жазаларды аткаруу тутумунун мекемелеринде, атап айтканда ФКУ ИК-2, ФКУ Т-2, ФКУ ИК-1де жазаларын өтөп жаткан Кыргыз жарандарына барып келди. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган мекемелерде Кыргыз Республикасынын 31 жараны жазасын өтөп жатат. Жолугушууда М.Жолдошбеков кыргызстандыктар менен жекече баарлашып, аларды кызыктырган бардык маселелер, анын ичинде жаза мөөнөтүн андан ары өтөө максатында Кыргызстанга которуунун тартиби боюнча толук маалымат берип, алардын өтүнүчтөрүн эске алды.
Белгилей кетсек, элчилик дипломатиялык өкүлчүлүк тарабынан жүргүзүлүп жаткан укук коргоо иш-чараларынын алкагында жогоруда аталган категориядагы жарандар менен иштөөнү улантат.