Борбор калаанын коомдук транспорту кышкы режимге өтүүдө

Борбор калаанын коомдук транспорту кышкы режимге өтүүдө. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, транспорт департаментинин директору Максат Нусувалиев ташуучу-фирмалардын жетекчилери менен биргеликте муниципалдык жана жеке менчик жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук транспорт ишканаларынын күз-кыш мезгилинде иштөөгө даярдыгы маселелерин талкуулашты.

Нусувалиев белгилегендей кыймылдуу курамды сапаттуу даярдоо үчүн жакынкы аралыкта техникалык кароо жүргүзүлөт. Ал эми Транспорт департаментинин кызматкерлери коомдук транспорттун күз-кыш мезгилдерине даярдыктарын текшерип башташат. Эгерде бузуулар аныкталса жана талаптарды четке какса тиешелүү чаралар көрүлөт.

Жыйынтыгында ишканалардын күз-кыш мезгилдерине даярдыктары тууралуу акт түзүлүп, кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чаралардын пландары иштелип чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан