Өлкөдөгү мугалимдердин айлыгы сентябрь айынан баштап кайра азайды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
"Мугалимдердин айлыктары сентябрдан тарта азайып кетти деген туура эмес. 1 сом дагы азайган жок. Болгону билим берүүнүн сапатын көтөрүү үчүн сааттарына гана чек коюлду. Бул сапатты көтөрөт. Мурунку жылдары мугалим 1,5, 2 ставка менен иштечү. Балдарга жүк 1025 сааттан өтүп кеткен. Бул түздөн-түз билим сапатына таасирин тийгизген", - деди Жапаров.
Акылбек Жапаров ошондой эле мугалимдердин саны дагы көбөйгөнүн билдирди.