Садыр Жапаров 7 миллионунчу наристенин ата-энесин куттуктады

Президент Садыр Жапаров 7 миллионунчу наристенин ата-энесин телефон аркылуу куттуктап, балага чың ден соолук, узун өмүр каалады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ал жети миллионунчу жаран өз элинин татыктуу уулу болуп өсүп, өзүнүн үй-бүлөсүнө эле эмес, бүтүндөй өлкөгө мындан аркы бакубатчылык алып келерине ишенерин билдирди.

Баланын энеси куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, мамлекет башчыдан жаңы төрөлгөн баласына ысым берүүнү өтүндү. Президент 7 миллионунчу кыргызстандыкка өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүн билдирген Жакшылык ысымын берүүнү сунуштады.

Кыргызстандын жети миллионунчу жашоочусу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрга караган түнү саат 2:10до төрөлгөн уул бала болду. Наристе фермер Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Апасы Айжаркын Сыраждинова 1982-жылы туулган. Бул анын төртүнчү баласы. Ымыркайдын салмагы 3 килограмм 900 грамм, бою 54 сантиметр.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын 7 миллионунчу жаранынын депозиттик эсебине мамлекеттен 1 миллион сом которулуп, ал аны жашы жеткенде өз муктаждыктарына колдоно алат.

Садыр Жапаров 7 миллионунчу наристенин ата-энесин куттуктады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан