Депутат: "Акылбек Үсөнбекович, ушунчалык кайдыгер экениңизге таң калдым"

Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңеште Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинетинин мүчөлөрү маалымат берип жатышат.

Депутат Камила Талиева министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кайдыгерлигине таң калып жатканын айтты.

"Акылбек Жапаров тажик согушун биз кылган жокпуз деп айтып жатат. Анан эмне эл кылдыбы? Бүгүнкү күнү канча мектеп, канча бала бакча иштебей жатканын министрди ордунан тургузса жатка билиши керек эле. Мен айтып берейин анда, мен жатка билем. Анда булар бүгүн эмнеге келди? Тойго келдиби?

Акылбек Үсөнбекович, өзүңүз 10 күндөн кийин бардыңыз. Сиздин ушунчалык кайдыгер экениңизге таң калдым. Мамлекеттик ишмер мындай кылбайт. "Биз кылган жокпуз да" деген жообуңузга таң калдым", - деди Талиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurik73
2022-10-19 20:19:00
Акылбек Жапаровдон башка таза адам келмейин кыргызстан алга жылбайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан